slivka.com > AUCA 2014 > Kyrgyz Translation
Бенджамин В. Сливка
Борбордук Азиядагы Америкалык университет
Бишкек, Кыргызстан
Дипломдорду тапшыруу жана илимий даражаларды ыйгаруу салтанатындагы сөз
2014-жыл, 31-май
* * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * *
[кыргызча] Рахмат, Rakhmat, rakh-maht.
[орусча] Спасибо, Spasibo, spa-see-ba.
[кытайча] xiè xiè.
Thank you.

[пауза]

Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин Президенти Эндрю Вахтелге жана окутуучуларына бул салтанаттуу күндө мени чакырганыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем.

Ошондой эле силерди, бардык бүтүрүүчүлөрдү, жакындарыңарды, досторуңарды, окуп жүргөн мезгилде силерди дайыма колдоп жүргөндөрдү да куттуктайм.

[пауза]

Түшүнгөнүм жараша, жол-жобосу ушундай экен, андыктан мен өз үй-бүлөм жөнүндө айтып бергенге уруксат бериңиздер.

Чоң атамдар АКШга 1904-жылы Украинадан, еврейлерди кырган падышалык желдеттерден качып келишкен.
Чоң атам Чикагодо кийим тигүүчү болуп иштеген жана жашылча-жемиштерди сатып оокат кылган.
Атам болсо Экинчи Дүйнөлүк Согуш учурунда АКШ деңиз флотунда кызмат өтөгөн, милдетин аткарып бүткөндөн кийин музыканттын кесибин үйрөнүп, 20 жылдан ашуун Сиэтл Симфониялык Оркестринде иштеген.
Энемдин ата-теги АКШга негизинен Улуу Британиядан келишкен экен, Уильям Пенн аттуу кишиден 1700-жылдары жер сатып алышкан, ал аймактын аты азыр Пенсильвания Штаты катары белгилүү.
Американын Көз карандысыздыгы үчүн согушка катышкан.
Чоң энем Чикаго Университетинде магистр даражасын болжол менен 100 жыл мурун алып, мектепте администратор болуп иштеген.
Энем 1950-жылы магистр даражасын алып, АКШда жана Австрияда китепканачы болуп 53 жыл иштеген.

[пауза]

Бир нече жума мурун, мен силерге, бүтүрүүчүлөргө, электрондук кат жибергем, катыма жооп бергенге убакыт тапкандарга ыраазычылык билдирем.

Көбүңөр жашооңордо туш келген эң курч маселелер, маанилүү чечимдер жөнүндө айтып бердиңер.
Америкадагы силер менен жашы тең балдар-кыздар силердикиндей суроолорду эле бергени силерди таң калтырбаш керек:
ата-энеңердин жана өзүңөрдүн приоритеттериңер арасындагы тең салмакты кантип сактап калыш керек?
Окууну улантыш керекпи, же жумуш таап иштеген оңбу?
Ата-эненин жанында калыш керекпи, же алыс тараптарга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү тапканга жол башташ керекпи?

[пауза]

Бүгүн мен өзүм басып өткөн жолум жөнүндө айтып бергим келет.

[пауза]

Мен 54 жыл мурун Сиэтлде, АКШнын түндүк-батыш тарабында, бул жерден 9.842 км алыс жерде төрөлгөм.
Ата-энем талыкпай эмгек кылган, кээде тамак-ашка да каражат жетпей калган күндөр болгон, бизде ыгы жок ысырап кылуу мүмкүн болгон эмес.

Атам өзүнүн бош убактысында жана пенсияга чыккандан кийин мыкты сүрөт тарткан, эмерек жасаган, майда чүйдө жыгачтардан үч гитара чапкан, кээде электроникага кызыккан – осциллоскоп менен түстүү телевизорду ар кандай аспаптар менен чукуп отуруп, өзүнүн электрондук-музыкалык синтезаторун жасап алган.

Энем тамак бышыруу, консервация, кол өнөрчүлүк менен алектенген, китеп окуп, классикалык музыка уккан.
Энем мени, эгизимди, эки кичүү карындашымды тиккенге, өргөнгө, токуганга, сайма сайганга, тамак жасаганга, кир жууганга үйрөтүш үчүн көп аракет жумшаган.

[пауза]

Мектепте окуган мага кызыксыз болуп баштагандан кийин, убактымды башка кызыкчылыктарыма бөлүп баштадым.

Кабелдүү ТВ, интернет, компьютердик оюндар, уюлдук телефондор пайда болгонго чейин көп китеп окуйт элем.

[пауза]

Менин бала кезимдеги эң жакшы көргөн китебим “Гримм бир туугандардын жомоктору” эле.
Укмуштуу окуялардын жыйнагы биринчи жолу үч жүз жыл мурун Германияда басылып чыккан, мен бул китепти баштан-аяк көп жолу окугам.

Мага эң жаккан окуя үч бир тууган жөнүндө айтып берет.
Алар биринин аркасынан бири өз бактысын издегенге жолго чыгышат.
Ар биринде акылы менен жонундагы кийиминен башка эч нерсеси жок эле.
Бир туугандардын ар бири өз жолунда ар кандай тоскоолдуктарга учураган.
Улуусу менен ортончусу дайыма өзүнүн ач көздүгүнөн, бой көтөргөндүгүнөн же көйрөңдүгүнөн улам мүдүрүлүп жүрө беришкен.

Ал эми кичүүсү болсо дайыма ак көңүл, жөнөкөй, кең пейил болгон.
Кыйынчылыктарга карабастан аман калып, падышаны таң калтырып, кызына үйлөнгөн.
Ошондон кийин мурда эч болуп көрбөгөндөй бактылуу жашап калган.

Мен төрт баланын экинчиси болгонума карабастан, сөзсүз түрдө ошол кичүү уулдун жолун баскым келген.

[пауза]

Мен сүйүктүү ишимди эрте эле билип алгам.
Мен бир нерселерди жаратууну жакшы көргөм.

Алты жашымда Лего оюнчук кирпичтеринен машинелерди, учактарды, сепилдерди, кемелерди курчу элем.
Он жашымда Экинчи Дүйнөлүк Согушта колдонулган учактардын, көбүнчө кыргыч жана жардыргыч моделдерин чогултар элем.
Өспүрүм кезимде НАСА агенттиги Айга адамдарды учуруп жатканда, ракеталардын элүү чакты моделин өз колум менен жасап, ар түрдүү мелдешүүлөргө тапшырат элем.

[пауза]

Ортоңку жана жогорку класстарда жыгач, темир иштетүү, үй-чарбасын жүргүзүү, тамга терүү, техникалык чиймелерди чийүү, басмакана иштери боюнча абдан пайдалуу жана практикалык жөндөмдөрдү үйрөнүп алгам.

14 жашымда араанын, бургунун ар кандай түрлөрүн, сүргүнү, башка майда-чүйдө курал-жарактарды, электр энергиясы жана газ менен иштөөчү ширетүүчү аппараттарды колдонгонду билгем.

12 жашымда темирден кайык якорун жасап алгам.

[пауза]

Жогорку класстарда классташтарымдын көбү ар балээнин даамын татып башташкан.
Мен болсо ал учурда токтолуп, бир аз уялчаак элем.
Андыктан сабакка көбүрөөк көңүл бөлүп, илимий-фантастикалык адабияттарды, “Scientific American” журналын окугам.

Илимий фантастика акыл-эсимди келечектеги мүмкүнчүлүктөргө кандайдыр бир даражада багыттаган десем болот.

[пауза]

Уэйн Дайердин “Your erroneous zones (Ката зоналарыңыз)” менин жашоого кылган мамилеме өзгөчө таасир калтырган.
8 жашымда дарыгерлер ашказанымда жараны таап чыгышкан.
Ошондо доктор Каплан: “Бен, жашоону мынчалык татаал кылып кабыл алба” деп айтты эле.

Жогорку класстарда “Ката зоналарды” окуп чыктым.
Доктор Дайер кадыр эсе жөнөкөй сөздөрдү айтыптыр: “Өткөн мезгилден сабак алып, келечегиңди кура берсең болот, бирок муну сен азыр гана аткара аласың.
Убактыңды бир нерсени жаратып өткөр” деген.

[пауза]

Жогорку класстарда программа жазуу боюнча сабакка бардым: FORTRAN IV, перфокарталар, капталдарында майда тешикчелери болгон, саптары катары менен ак-жашыл түстө боёлгон кагаздарды көтөрүп жүрдүм.

Мезгилден артынан кууп жүрүп, Вашингтон Университетинде өзүмдүн компьютердик эсебимди ачтым.

Ал учурда компьютерлер абдан чоң болуп, бөлмөлөр менен тең болгон, чөнтөктөрүңөрдөгү азыркы телефондорго караганда алда канча жай иштеген.

Эсебимди колдонуу үчүн, кеңеш-көмөк кызматын көрсөтүү менен төлөп бергем, компьютерлер боюнча кимге керек болсом, ошолордун бардыгына кеңеш-көмөгүмдү бергем.

Окуудан кийин Вашингтон Университетинин эсептөө борборуна чейин автобус менен 30 мүнөттө жетчүм.
Бир нече саат иштеп, жумуштан кийин үйгө бир жарым саат жол жүргөм.
Эс алуу күндөрүндө университетте 6-8 саат жүрчүм, жолго 3 саат коротчумун.

[пауза]

Вашингтон Университетинде Контрол Дэйта Корпорэйшн компаниясынын чоң ЭЭМ (электрондук-эсептегич машинасы) бар эле, ошондой эле ал жерде Northwestern (Түндүк-батыш) Университетинде жазылган эки программаны көрдүм.
Алар SPSS деп аталган статистикалык маалыматтарды иштетүүчү программаларды жыйнагы жана шахмат ойноо үчүн NUCHESS программасы эле.

Ошентип, Northwestern университетинин инженердик мектебине окууга тапшырдым, 1978-жылдын сентябрь айында өмүрүмдө биринчи жолу учакка отуруп Чикаго шаарына учтум, университетте биринчи окуу жылым башталды.

Компьютерлер менен иштегенди жакшы көргөнүмдү так-даана түшүнүп тургам.
Компьютерлер тармагында иштегеним үчүн акчасын төлөгөнгө даяр кишилерди да тааныйт элем.
Андыктан компьютер илиминде адистикти алууга баш салганым анык болгон.

[пауза]

Northwestern университетинин берешен колунан берилген акчалай жардамы мени окуу насыясын алгандан, жайында, окуу учурунда иштөөдөн куткарган жок.

Жайкысын кызыксыз жумуштарда иштегем.
Дүкөндө оператор, юридикалык кеңседе иш жүргүзүүчү, ири фотопринтерлерди оңдоо устаканасында кампачы болуп иштеп көргөм.

Бул жумуштарда көп акча таппасам дагы, чыныгы турмуш жөнүндө, мен өзүм жактырган иш жөнүндө көп нерсени билип алгам.

[пауза]

Контрол Дэйта Корпорэйшндин ири ЭЭМдеринде иштөө тажрыйбам менен Northwestern’дин компьютер борборунда жумушка оңой орношком.

Жумасына он сааттан иштеп, эски темир столго жайгашып, студенттерге, аспиранттарга, окутуучуларга компьютерлердеги иштерин жасоого жардам берчүмүн.

Студенттик төрт жылымдын ичинде 1400 сааттан ашуун убакытты кире бериште отуруп өткөрдүм, жөнөкөй синтаксистик каталарды таап, маалымат китепчелерин окуп, абоненттерге 110-боддук модемдерди кантип тескөө керек экендигин түшүндүрүп, жол-жоболорду айтып берип жүрдүм.

Адамдар жөнүндө жана алардын компьютерлерге кылгам мамилеси жөнүндө көптү билдим.

[пауза]

Чоң окууга тапшырганга чейин спорт менен машыккан эмесмин.
Бирок билген кишилер колледжде тобокелге салыш керек деп айтышкан.
Ошондуктан мен чуркоо боюнча курама топко “кирип келгем”.

Мен 400 метрлик спринт жарышына адистешип баштагам.
Окуудагы күлүктөрдү ашып өткөнгө чейин, эч талыкпай, тандаган жолуман тайбай, тырышып, машыгып жүрдүм.

[пауза]

Акыркы курста бош убактым такыр калбай калган.
Жумасына 15-20 саат чуркоо, компьютердик борбордо 10 саат иштөө, математика жана компьютердик илимдер боюнча илимий даражаны алуу үчүн даярдануу, жумуш издөө менен алек болгом.

Канткенде да сүйүүгө да убакыт тапкам.

Лизаны бир кечеде катуу сүйүп калгам.
Ал биринчи курстун студенти эле, окууга келгени үч гана күн болгон.
Кечеде ызы-чуу катуу болуп, биз тынч жерге чыктык, ал жерден бир аз сүйлөшкөндөн кийин, акылыма “мен бул кызга үйлөнөм!” деген ой чырт этип кирип келген.

Тез эле бири-бирибизден ажырабас болуп калганбыз, албетте мындан улам окууну аяктагандан кийинки пландарым бир аз татаалдашып калган.

[пауза]

Баш кошолу деп чечкенбиз, мен Нью-Йорк штатында Покипси шаарында IBMдин бөлүмүндө жумуш тапкам, Лиза болсо жакын жайгашкан бир колледжге которулуп келген.

Университеттеги эки досубуз менен Чикагого барып, бир сот башыбызды кошуп, никебизди каттап берген, анан кайра Эванстонго кайтып келгенбиз.

Жатаканадагы досторубуз бизди шаан-шөкөт менен тосуп алышкан, бирок ошондо семестр ортосундагы сынактарыбыз бар эле, майрамдагандан кийин Лиза экөөбүз эки бөлөк бөлмөгө сынакка даярданалы деп кирип кеттик.
Нике түнүн ошентип өткөргөнбүз.

[пауза]

Нью-Йоркко 1982-жылдын июнь айында көчүп кеткенбиз, мен IBMде иштеп баштагам.
Ал учурда IBM компьютердик техниканы өндүрүү боюнча дүйнөдөгү эң ири компания эле, 364.000 кишини иштеткен.

Бир нече жума иштегенден кийин, бул жер мага көп жакпаганын түшүндүм.
Бул компаниянын өзүнүн бир кызыктай, тобокелге салбаган, бюрократиялык маданияты бар эле.

Мен программаларды жазып, дүйнөнү дүңгүрөткүм келген, бирок жетекчилерим мени тизгиндеп, катуу иштебей эле кой деп токтотушкан.

Лиза да жаңы окуусун жактырбай жаткан эле.
Ошентип, бир жылга жетпей, Лиза экөөбүз кайра Эванстонго кайтып келдик.

[пауза]

Үй-бүлөнү багыш үчүн Northwestern’де толук ставкада иштеп баштадым.
Лиза экөөбүз дагы эле окуубузду улантып жатканбыз.

Кампуста IBM’дин биринчи компьютерлери пайда болуп баштаган, ал эми 1984-жылдын башында Apple өзүнүн биринчи Macintosh компьютерин чыгарган.

Лиза экөөбүз Макинтошту сатып алганбыз, алигиче менин биринчи компьютериме ээ болгонума кубанганымды эстейм.

Мен магистрдик ишимди жазып жатканда бета-тесттен өткөрүлгөн MacWrite программасы иштебей калган, айла жоктон мен дүкөнгө барып Macintosh үчүн Microsoft Word программасын сатып алгам.
Бул программа чыкылдап иштеп, мен магистрдик ишимди аягына чейин жазып бүткөм.

[пауза]

IBM менен Macintosh’то иштеп көргөндөн кийин, ири ЭЭМдердин доору өткөнүн, келечек чакан, микрокомпьютерлерге таандык болгонун түшүнгөм.
1985-жылы Майкрософт 10 жылга толгон, 800 кызматкери иштеген, алигиче жабык типтеги компания болуп жүргөн.
Мен Сиэтлден маектешүүгө учакка отуруп учуп келгем, натыйжада мага жумуш орду сунушталып, компаниянын акцияларын сатып алуу сунушу берилген.
Бул акциялар мага кандайча пайдалуу болорун билген да эмесмин, мага компаниянын өзү, ал жерде иштеген кишилер жаккан.

Лиза экөөбүз компьютердик илимдер боюнча илимий даражаны июнь айында алып, Майкрософтто иштегенге өлкөнү кыдырып келгенбиз.

Ошол жылдын октябрь айында Билл Гейтстин 30 жылдыгын Беллвьюдагы Скейт Кинг деген жерде белгилегенбиз, кийинки айда Microsoft Windows 1.0 даяр болгон.

[пауза]

Майкрософтто иштеген 14 жылдын ичинде мен OS/2, MS-DOS, Windows, Java, жана MSN долбоорлорунун үстүндө иштедим.
Булардын кээ бирлери кирешени жакшы алып келген эмес, бирок мен булардын үстүндө иштеп, көптөгөн нерселерди үйрөнүп алгам.

1994-жылы Internet Explorer программасын иштеп чыккан топту түзгөнүм, аны 1996-жылы август айында IE 3.0 чыкканга чейин башкарганым менин Майкрософттогу эң бийик жетишкендигим деп ойлойм.

Мен программалык жабдуу иштеп чыгарган 67 адистен жана программалык жетекчилерден турган топту түзгөм.
Жетектөөнүн жөнөкөй философиясын иштеп чыккам: ачык-айкын максатты кой, тийиштүү жумушка тийиштүү кишини жумушка ал, мүмкүн болушунча жоопкерчиликтерди жана бийликти азайт, жол көрсөт, даанышман бол, кардарды алдыга кой.

Жетекчилигимдин жыйырма эки айынын он жетисинде жумасына 80-100 сааттан иштегем.

IE 3.0 бардык керектүү сыноолордон өткөндөн кийин, анын үлүшү он эки айдын ичинде отуз пайызга чейин жогорулаган.

IE үстүндө иштеп жаткан учурда, үчүнчү балабыз төрөлгөн, биз жаңы үй салганбыз, мен болсо Wall Street Journal жана The Economist журналдарын окуганга убакыт тапчумун.

Өмүрлүк жарым Лиза болсо мени “сагынткан күйөө” деп атаган.

[пауза]

Мен Майкрософттон 1999-жылы кетип жаткан кезде, компанияга 30.000 кызматкери болгон даражага чыгарганга салымымды кошком.
Ошол мезгилде компания дүйнөдөгү эң кымбат болуп саналган.

[пауза]

Ата-энем абдан эмгекчил, китепти көп окуган, көп иштеген болгонуна мен абдан сыймыктанам.
Алар мага менин кыялдарымды орундатканга иш-аракеттериме эркиндик беришкен.
Аларды баласы убактын ракеталарды курууга, илимий фантастиканы окууга, компьютерлер менен иштөөгө коротуп жатканы кооптондурган эмес.

Алар мага үйдөн алыс жактарга барууга уруксат беришкен.
Мен өз ханышам Лизаны тапканыма, ал менен үй-бүлө курганыма, Майкрософтто багым ачылганына абдан сүйүнөм.

[пауза]

Силердин ар бириңер өз ишиңерди, өз жолуңарды, өмүрлүк жарыңарды таап кетериңерге ишенем.

Бул күндү силер менен өткөрүүгө чакырганыңар үчүн дагы бир ирет ыраазычылык билдирем, 2014-жылдын бүтүрүүчүлөрү, силерди дагы бир жолу куттуктайм.

*** аягы ***

Last updated Friday, June 27th, 2014.
© 1997-2024 slivka.com. All rights reserved.

Banderooge.com | BenSlivka.com | BenSlivka.net | GarfieldHSF.org | nu1982.org | slivka.org